Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

Москва: Өрттөн каза болгон кыргызстандыктын сөөгү жерге берилди


Москвада италиялык ресторандагы өрттөн каза болгон кыргызстандык Анваржон Сатволдиевдин сөөгү 16-январда жерге берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисияев “Азаттыкка” кабарлады. Анваржондун туугандары, ата-энеси Жалал-Абаддан Орусияга көчүп келишкен. Каза болгон дагы бир кыргызстандык келин, 24 жаштагы Толгонай Сатыбалдиеванын сөөгү 13-январда Жалал-Абадда өзу туулган айылга коюлган.

"Анваржон 38 жашта эле. Ал ресторандын муздак цехинде иштечү. Газ баллон жарылганда ал бир нече жолу имаратка кирип, адамдарды алып чыгууга жардамдашкан. Анын үч баласы калды. Москванын мэри Собянин каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион рубл, ал эми жарадар болгондорго 500 000 рубл берилээрин айткан", - деди юрист Алмаз Абдисисяев.

Москвадагы италиялык ресторан 9-январда өрттөнгөн. Каза болгон үч адамдын экөө - кыргызстандыктар. Дагы 6 кыргызстандык азыр ооруканаларда. Жалпысынана 40 адам жаракат алган. (AiK/RK)

XS
SM
MD
LG