Пакистан талиптеринин лидери америкалык пилотсуз учактын чабуулунан өлдү деген маалыматты согушчандардын өкүлү Азимулла Мехсуд калпка чыгарды. Бул жөнүндө маалымат булактары Пакистан чалгындоо кызматынын аты аталбаган өкүлүнө шилтеп кабарлаган болчу. Ага караганда, талип согушчандары ортосундагы бир нече радиосүйлөшүү жазылып алынган. Анда Пакистан талиптери Хакимулла Мехшуд 12-январда Түндүк Вазиристандын Ооганстанга чек аралаш аймагында авиачабуулда кандайча өлгөнүн кеп кылышат. Пакистан бийликтери 2010-жылдын башында да Хакимулла Мехшуд АКШлык пилотсуз учактын чабуулунда өлгөнүн маалымдаган.