Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Арменияда «жашылдар» токойдо кен казууга каршы чыгышты


Өлкөнүн түндүгүндөгү токойдо жез казыла баштаса, айлана-чөйрөгө оор залака келет деп эсептеген 200 чакты эколог активисттер жана алардын колдоочулары Тегхут токоюна жүрүш жасашты. Армениянын Жез программасы деп аталган кен компаниясы 357 гектар келген бул токойдо жез, молебден казууну пландап жатат. 1.6 миллион тонна жез, 100 миң тонна молебден жаткан кен казыла баштаса, 130 миңге чукул дарак кыйылат. Жез программасы «жаңы теректерди отургузабыз, бир миң жаңы иш орду түзүлөт» деп айтууда. Он жылдан берки каршылыкка карабастан, бул долбоорго өкмөт 2008-жылы уруксат берген. Экологдор Лихтенштейнде катталган компания кен казууга даярдыктын мезгилинде эле токойдун бештен бирин кыйып салгандыгын айтууда.

XS
SM
MD
LG