Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

Азербайжанда полиция таксисттердин митингин кууп таркатты


Жүздөн ашык полиция Бакы калаасында Унаа министрлигинин сыртында чогулган таксисттерге каршы союл колдонду. Үч такси айдоочу кармалды, бирок демонстранттардын кысымы менен дароо бошотулду. Айдоочулар жеке менчик унааны такси катары пайдаланууга каршы киргизилген жаңы чектөөлөргө нааразы болушууда. Алар буга чейин жылына бир жолу кирешесинен салык төлөп келсе, эми лицензия алууга туура келээрин айтышууда. Такси айдоочулар Унаа министринин иштен кетишин талап кылышты. Министрликтин кызматкерлери жана тартип коргоочулар лицензиясы жок өз машинасы менен таксист болгон айдоочуларга каршы 13-январдан тартып рейд баштаган. Азаттык менен маегинде министрликтин өкүлү Маник Хасанов нааразы айдоочуларга атайын таксилерди ижарага алууга кеңеш берди.

XS
SM
MD
LG