Германиянын түштүгүндөгү Тюбиңен коомдук университетиндеги салтанатта билим берүү министри Анетте Шаван бул бөлүм калктын 5 пайызын түзгөн мусулмандар жамаатын интеграциялоодогу маанилүү кадам экендигин белгиледи. Бүтүрүүчүлөр имам же мугалим боло турган бөлүмдүн окутуучулары Батышта илимий даража алган, ошол эле кезде алар такыба мусулман экендигине исламдык кеңешти ынандырыштары керек болду. Германиядагы 4 миллион мусулмандын көпчүлүгү түбү түркиялыктар. Бакалавр даражасы бериле турган бөлүмгө 36 студент кабыл алынды.