Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

AKШ Казакстандагы соңку шайлоону сынга алды


АКШнын мамлекеттик департаменти жарыялаган билдирүүдө Казакстандагы парламенттик шайлоо эл аралык талаптарга жооп берген жок делген чет элдик байкоочулардын баасына Вашингтон кошула тургандыгы айтылат. Европадагы Коопсуздук жана кызматташттык уюму 15-январда шайлоо «демократияалык добуш берүүнүн түп-негиз жоболоруна жооп берген жок» деген бүтүм чыгарган. Анда оппозициячыл партиялардын шайлоого катышуусуна бут тосулгандыгы белгиленген. АКШнын билдирүүсүндө казак өкмөтү шайлоолордун ачыктыгын камсыздап, нагыз саясий плюрализм үчүн зарыл болгон шарттарды бекемдеши керектиги айтылат. Казакстандын шайлоо өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, жаңы парламентке үч партия – президент Нурсултан Назарбаевдин Нур-Атаны добуштардын 80 пайызы менен, жана ар бири жети пайзыдан алган ишкерчиликти колдогон Ак-Жол менен коммунисттер кирди.

XS
SM
MD
LG