Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

№1 тергөө абакта 34 киши жабыркаган


16-январда Бишкектеги №1 тергөө абагында болгон тополоңдо жабыркагандардын жалпы саны 34 киши. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" акыйкатчы Турсунбек Акун айтты. Анын билдиришинче, камалгандардын арасынан оор жараат алган төртөө №47 түрмөгө жеткирилген.

Ал эми Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Жолдошбек Бусурманкуловдун билдиришинче, жабыркагандардын саны 7 киши.

Мындан тышкары, абактын кызматкерлеринин арасында да жараат алгандар бар. Бусурманкуловдун айтымында, алардын саны 6 киши.

Кечээ №1 тергөө абагында тополоң чыккан. Камалгандар аларга карата зомбулук болгонун айтышса, Жаза аткаруу кызматы кезектеги тинтүү учурунда абактагылар каршылык көрсөтүп, ызы-чуу баштап жиберишкенин айтууда.

Акыйкатчынын билдиришинче, ур-токмокко кабылгандардын бирөө бүгүн көз жумду. Ал эми Жаза аткаруу кызматы ал киши апийимге ууланды, тополоңго тиешеси жок деп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG