Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Казак оппозициясы Алматыда митингге чыкты


Митингде "Нур Отан" партиясынын үгүт баракчасы да өрттөлдү.
Митингде "Нур Отан" партиясынын үгүт баракчасы да өрттөлдү.
Өлкөнүн түштүк борбору Алматынын Республика аянтына чогулгандар жекшембидеги парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгына нааразылык билдирип, шайлоо комиссиялардын протоколдорунун көчүрмөлөрүн өрттөштү.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматынын кабарчысынын баамында, митингге 200дөй адам жыйналды. Алардын арасында отуздай журналист, анын ичинде чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да болду.

Нааразылык митингин оппозициячыл маанайдагы жалпы улуттук “Азат” социал-демократтар партиясы уюштурду. Аталган партиянын баш катчысы Амиржан Косановдун айтымында, “15-январда Казакстандагы демократия өлдү” жана оппозиция кийинки митингди 28-январда өткөрүү үчүн шаар бийлигине арыз берүүдө. Алматы прокуратурасынын өкүлү бүгүнкү митингди бийлик тарабынан уруксат берилбеген деп атады.

Бул аралыкта Кошмо Штаттар ЕККУнун Казакстандагы парламенттик шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык өткөн жок деген баасын колдоду.

Жекшембидеги парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы боюнча казак парламентине бул ирет президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур Отан” партиясынан тышкары “Ак жол” жана Казакстан коммунисттик элдик партиясы өттү. Байкоочулар арткы эки партия бийликчил саясий уюмдар экендигин белгилешет.

XS
SM
MD
LG