Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Тергөө абагындагылардын жакындары сотко кайрылышты


Кечээ Бишкектеги №1 тергөө абагынын алдынан милицияга жеткирилген 12 жаран укук коргоочулардын жардамы менен сотко кайрылышты. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Кылым шамы" укуктук борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди. Айтымында, соттун чечими чыкканча алар кабыл алуу жана бөлүштүрүү жайынан бошотулушу керек. Кечээ тергөө абагынын алдына абактагылардын жакындары болушкан 50-60 киши чогулган. Аларды Октябр райондук милициясы "тартип коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендиги үчүн" деп кармап кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG