Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

АКШ Сеулду Ирандан мунай импортун кыскартууга чакырды


Роберт Эйнхорн Түштүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Ким Чжэ Син менен жолугууда. Сеул, 17-январь 2012-жыл.
Роберт Эйнхорн Түштүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Ким Чжэ Син менен жолугууда. Сеул, 17-январь 2012-жыл.
Расмий Вашингтон Сеулду Ирандан мунай сатып алууну кыскартууга бул өлкөгө талаштуу өзөктүк программасына байланыштуу кысым көргөзүүнү күчөтүү үчүн үндөөдө. АКШ Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Роберт Эйнхорн шейшемби күнү Түштүк Кореядан буларды айтты:

-Биз өнөктөштөрүбүздүн баарын алар Ирандан чийки мунайды импорттоону кыскартуу багытында эмне жасай алаарын жана Ирандын Борбордук банкы менен алакасын үзүүнү кароого чакырып жатабыз.

АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү белгилегендей, Вашингтон өнөктөштөрүнүн Иран менен экономикалык кызыкчылыктарын түшүнөт. Бирок Иран бийликтери өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүгө олуттуу мамиле жасоосу үчүн дүйнө Тегеранга кысым көргөзүүсү абзел.

АКШ Иран өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасоону көздөйт деп шектенсе, Тегеран программасы тынчтык максатка гана багытталган ырастап келет.

“Ассошейтед Пресс” агенттигинин караганда, Түштүк Корея Ирандын өзөктүк программага тиешеси бар делген 200дөй мекемеси жана жеке адамдары менен каржылык аласа-бересени чектеген. Бирок Ирандан мунай сатып алууну кыскартарын жарыялай элек.

XS
SM
MD
LG