Бул тууралуу “Азаттыкка” учурда мамлекет карамагында турган банкты сатуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын төрайымы, Банктарды кайра түзүү жана карыздарды реструктуризациялоо боюнча агенттиктин бүгүн кызматтан алынган директору Каныш Шаршекеева билдирди.
Ал белгилегендей, төртүнчү аукциондун да ийгиликтүү өтпөгөнүнө банкты сатып алууну көздөгөн кардарлар болгону менен алардан расмий арыз түшпөгөнү себеп болду.
2010-жылы Убактылуу өкмөт тарабынан улутташтырылган “Азия Универсал Банктын” ордуна түзүлгөн “Залкар Банк” адегенде 1 миллиард 80 миллион сомго бааланып, мурдагы үч аукциондо ыктымал инвесторлордон расмий сунуш келбегендиктен төртүнчү аукционго баа 702 миллион сом деп көрсөтүлгөн, же 35 пайызга аразандаган.
Каныш Шаршекееванын айтымында, кийинки аукцион качан болорун жана банктын баасы өзгөрөр-өзгөрбөшүн мекемелер аралык комиссия жаңы жетекчинин башчылыгы астындагы жыйынында аныктайт.
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү буйругу менен Банктарды кайра түзүү жана карыздарды реструктуризациялоо боюнча агенттиктин директорлугуна мурда Каржы министрлигинде иштеген Саидбек Зулпуевди дайындады. (UE)