Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Орусияда “Таза шайлоо үчүн” комитети түзүлүүдө


Ушундай аталыштагы комитетти куруу чечими коомдук активисттердин Москвадагы бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун Орус кызматы кабарлады.

Аталган комитет “Таза шайлоо үчүн” деген ураан астындагы каршылык акцияларын координациялап, саясий талаптарды аныктоонун үстүндө иштейт.

“Таза шайлоо үчүн” жарандык комитетин уюштуруу боюнча демилгелүү топ парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы Москвада былтыр 10-декабрда болгон ири митингден кийин түзүлгөн.

Орус оппозициясынын “Таза шайлоо” үчүн деп аталган кезектеги нааразылык акциясы 4-февралга белгиленүүдө.

"Интерфакс" агенттиги кабарлагандай, парламенттеги партиялар ичинен “Адилет Орусия” жана КПРФ “Таза шайлоо үчүн” митингдеринин уюштуруу комитетинде өз өкүлдөрүнүн расмий катышуусун чечти.

Орусиянын кезектеги президенттик шайлоосу март айында болот.

XS
SM
MD
LG