Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:25

Түркияда журналисттин өлүмү үчүн түрк кесилди


Стамбулдун соту улуту армян Хрант Динкти беш жыл мурда өлтүрүүгө шыкакчы болгондугу үчүн Ясин Хаялды өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кести. Бирок сот Хаял менен кошо дагы бир нече кишини террорчу уюмдун буйругу менен аракеттенген деген айыптан арылтты. Кош тилдүү “Агос” гезитинин редактору Динк Исамбулда 2007-жылы атып өлтүрүлгөн. Ал 20-кылымдын башындагы армяндардын массалык кырылышын “геноцид” деп атап, түрк улутчулдарынын кыжырына тийип алган. Сот өкүмүн чыгарганда сыртта ондогон интеллигенция өкүлдөрү, саясатчылар, укук коргоочулар Динктин өлүмүнүн артында турат деп шектелген мамлекеттик кызматкерлерди жазалоону талап кылышты.

XS
SM
MD
LG