Кыргызстандагы жарандык коом өкүлдөрү ички иштер министрлигин реформалоо концепциясын бүгүн Бишкекте өтүүчү жыйынында талкуулашат. Концепцияны даярдаган ыктыярдуу топтун мүчөсү Урмат Казакбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, алар Кыргызстандагы милиция органдарынын кеминде 50 пайыздан ашыгын жаңылоо демилгесин көтөрүшүүдө. Концепция талкуудан өткөндөн кийин бийлик өкүлдөрүнө сунушталмакчы.
Милицияны реформалоо концепциясы мурдараак Ички иштер министрлиги тарабынан да иштелип чыккан. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары жаңы концепция жазып жатканын билдиришкен. Жакында бейөкмөт уюмдар өткөргөн сурамжылоодо элдин милицияга болгон ишеними 15пайызды гана түзөөрү белгилүү болгон. (KKs)