Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Бабанов түрмөлөрдө видеокамера орнотууну тапшырды


Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов кечээ күч түзүмдөрү менен өткөргөн жыйында Кыргызстандын түрмөлөрүндө тартипти бекемдөөгө чакырды. Премьер-министр чукул арада баардык жаза аткаруу жайларын уюлдук байланышка бөгөт коюучу каражаттар менен камсыз кылып, абактарга видео камераларды орнотууну талап кылды. Дүйшөмбү күнү Бишкектеги биринчи тергөө абагында жаткандар менен түрмө кызматкерлеринин ортосунда карама-каршылык чыгып, төрт кызматкер, камакта отурган кеминде жети адам жаракат алган. Кечээ акыйкатчы Турсунбек Акун абакта жараат алган бир адам көз жумганын кабарлаган. Жаза аткаруу кызматы болсо ал адам апийимге ууланып каза тапканын билдирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG