Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:40

Абдирасулова: Кумарканада иштегендердин укугу бузулду


Кумарканаларда иштеп жатып жумушсуз калгандардын укугу бузулду. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеш алдында өтүп жаткан митингге барган укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди. Анын айтымында, кумарканаларды жабуу тууралуу мыйзам кабыл алынып жатканда аларда иштеген адамдардын укуктары эске алынган эмес. Мамлекет аларды жумушсуз калтырып жаткандан кийин башка иш менен камсыз кылуунун жолдорун да караштырышы керек болчу деп айтылды. Ушу тапта парламенттин алдында элүүдөй киши чогулуп турганын кабарчыбыз маалымдайт. Алар өкмөттөн иш талап кылышууда. Былтыр күзүндө кабыл алынган мыйзам боюнча, жаңы жылдан бери Кыргызстандагы кумарканалар, оюн автоматтары жабыла баштады. Баардык кумарканалар жабылса кеминде 10 миңдей киши ишсиз калаары айтылган. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG