Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Караколдо санарип светофорлор коюла баштады


Ысык-Көл облус борбору Каракол шаарында санарип светофорлор коюла баштады. Шаардын биринчи вице-мэри Көлбай Карасартовдун "Азаттыкка" билдиришинче, ушу тапка карата баардыгы болуп үч кесилишке үчтөн светофор коюлду. Аларды ар бирин 433 миң сомдон Орусиядан сатып келишкен. Каражат Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн. Облборбордо жол кыймылын жөнгө салуучу светофорлор эскилиги жетип, иштен чыга баштаган жана жол кырсыктар кыйла көбөйгөн. (MK/RK)

 

XS
SM
MD
LG