Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Нарын аэропорту жаңыланат


Нарын аэропортун кайра куруу иштери башталат. Долбоор Ага Хан фондунун жардамы менен ишке ашат. Бул тууралуу кечээ премьер-министр Өмүрбек Бабановдун Ага Хан өнүгүү түйүнүнүн өкүлү Нуржахан Мавани менен жолугушуусунда кеп болду. Аэропорттун тегерек-чети тосулуп, жаңы аэронавигациялык жабдуу орнотулат. Бул үчүн 45 миллион доллар бөлүнөт. Мындан тышкары, быйыл аталган уюмдун жардамы менен телекоммуникация тармагында долбоор ишке ашырылып, Бишкекте Ага Хан академиясы курула баштайт. (RK)

XS
SM
MD
LG