Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:07

19-январга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
16-19-январда жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда , тоолуу автожолдордо кар көчкүсү, кар күрткүсү болушу күтүлөт, муз тоңот. Кар көчкү болушу ыктымал аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы
19-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүктөн келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден Ысык-Көл акваториясында батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -17...-22, күндүз -8...-13,
Талас облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз -9...-14,
Баткенде түнкүсүн -13...-18, күндүз -4...-9 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...-8,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -12...-17 градус, күндүз -2...-7,
Нарында түнкүсүн -22...-27, күндүз -11...-16,
Тоолордо түнкүсүн -28...-33, ал эми күндүз -17...-22 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19...21 градус, күндүз 10...12 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG