Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кыргызстанда телемедицина кызматын киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомчулуктун талкуусуна сунушташты. Депутаттардын пикиринде, мындай ыкма алыскы райондордогу бейтаптарга сапаттуу медициналык жардам берүү жана алардын борборго келип кошумча чыгымга учурабоосун максат кылат. Бирок бул үчүн заманбап теле жана интернет-байланыш керек. Телемедицина жаатында кызматташуу тууралуу келишим КМШ мамлекеттеринин ортосунда 2010-жылы кабыл алынган. (RK)