17-январда Бишкектеги №1 тергөө абагында каза болгон Нурбек Алымбаевдин башында көк-ала, денеси тытылганын акыйкатчы Турсунбек Акунов ушу тапта парламентте өтүп жаткан жыйында айтты. Акыйкатчынын билдиришинче, 16-январда кечинде Алымбаевге ийне сайылып, ал 12 саат бою ойгонбой уктаган. Кийими кан болгон.
Бүгүн дарыгерлер Алымбаевдин жасатын текшерди. Ага акыйкатчы жана журналисттер да катышты.
Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаков Алымбаевдин өлүмү 16-январдагы тополоңго байланышы жок экенин, ал апийимге ууланып өлгөнүн айтууда. (RK)