Орусия жетекчилиги Батыштын Иранга каршы жаңы санкциясы экономиканы муунтуп, элди бийликке каршы козгоого багытталган деп эсептейт. Мындай билдирүүнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүнкү жылдык жыйында жасады:
- Ошондуктан бүгүн Батыш мамлекеттери жана башка өлкөлөр бир тараптуу Иранга каршы кошумча киргизип жаткан санкциялардын ядролук куралды жайылтпоо жөнүндөгү режимди бузбай кармоого эч кандай тиешеси жок. Бул Ирандын экономикасын муунтууну жана калкта нааразчылык жаратууну көздөгөн өтө олуттуу мүдөөгө окшойт.
Орусия БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандын талаштуу ядролук программасына каршы жаңы санкция жарыялоосуна макул болбосун кайталаган Лавров Улуттар Уюмунун санкциялары өз күчүн жоготконун белгиледи. Лавров Батышты Сириядагы кырдаалга аскерий жактан кийлигишүүдөн этият болгонго да чакырды.