Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:38

Wikipedia англис сайтын АКШга нааразылык иретинде убактылуу жапты


Интернеттеги Wikipedia энциклопедиясы бүгүн англис тилиндеги сайтын жапты. Бул акция АКШ Конгрессинде интернеттеги каракчылык жана интеллектуалдык дөөлөттөрдү уурдоого каршы даярдалып жаткан мыйзам долбооруна каршы багытталды.

Сынчылардын айтышынча, непада мыйзам долбоору бекитилсе, бийлик аларды интернетти цензуралоого жана айрым сайттарды жапканга колдонот; сөз эркиндиги жана интернеттеги инновацияларга жолтоо болот.

Google жана башка сайттар да бул мыйзамдын опурталдуу экенине көңүл бурууга жарандарды чакырышты. Мыйзам долбоорун фильм жана киноиндустриянын өкүлдөрү продукцияларыбыз уруксатсыз таркатылып, эсепсиз чыгым тартуудабыз деп колдошууда.

XS
SM
MD
LG