Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Суталиновдун адвокаты Жогорку Сотко кайрылат


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Муратбек Суталиновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев Жогорку Сотко кайрылмай болду. Ал Суталиновдун камакка алынышынын мыйзамдуулугун аныктай турган Биринчи май райондук соттун коллегиясына ишеним көрсөтпөө боюнча өтүнүч келтирди. Бул өтүнүчтү төрагалык кылып жаткан судья Гүлнара Дүйшөнбекова четке какты. Бүгүн Бишкек шаардык сотунун судьясы Дүйшөнбекова баштаган соттук коллегия Биринчи Май райондук сотунун чечиминин мыйзамдуулугун аныкташ үчүн чогулган. Адвокаттын Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылышына 23-январга чейин убакыт берилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. 17-декабрда Бишкектин Биринчи май райсоту Суталиновду 15-февралга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Ага карата мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өттү деген айып коюлууда. (RK)

XS
SM
MD
LG