Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 2011-жылы Кыргызстандын аймагында жалпы 255 чукул кырсык катталганын кабарлады. Алардын 25 пайызы Жалал-Абад облусуна туура келет. Кырсыктар көп болгон облустардын катарына Ош жана Чүй облустары кирет. Бир жыл ичинде кырсыктардан 140 адам көз жумган. Жаратылыш жана жол кырсыктары 940 миллион сомдой чыгым алып келген. (KKs)