Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Атактуу спортчу АКШнын маданий элчиси болуп калды


Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон америкалык баскетбол жылдызы Карим Абдул-Жаббарды өлкөнүн дүйнөлүк маданий элчилигине дайындады.

64 жаштагы экс-спортчу АКШнын улуттук Баскетбол командасында 20 жыл ойноп, 1560 оюнда дээрлик 40 миң упай топтогон. Ал эки ирет команданын "Эң баалуу оюнчусу" аталган. Ардактуу эс алуусунда балдар үчүн китеп жазган Абдул-Жаббар жаңы кызматынын алгачкы күндөрү дипломатияны жана элдер арасындагы маданий түшүнүүчүлүктү тереңдетүү үчүн жаштар менен жолугушууларды өткөргөнү жатат.

XS
SM
MD
LG