Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Италия кыйраган кеменин биринчи курмандыгынын атын жарыялады


Экипаждын мүчөсү, венгриялык скрипкач, 38 жаштагы Шандор Фехер өткөн жума күнү Италиянын батыш жээгинде кыйроого учураган "Коста Кондордияда" шайырлар тобунда болгон. Фехердин сөөгүн энеси тааныгандыгы кабарланууда. Кырсыкта 11 киши набыт болгон, бирок калгандардынын ким экендиги ачыкка чыгарыла элек. Италия бийликтери ошондой эле дайынсыз жоголуп жаткан 26 кишинин ысымдарын жарыялады. Алардын көбү Германия, Франция, Италиянын жарандары болчу. Аралдын жээгинде кырынан жаткан кеме кечээ деңизди көздөй жылып кеткендиктен, италиялык куткаруучулар өз ишин убактылуу токтотууга мажбур болушту.

XS
SM
MD
LG