Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Эшимканов атындагы сыйлык берилет


"Айат" гезити Мелис Эшимканов атындагы сыйлык уюштурду. Сыйлык жыл сайын 18-35 жаштагы жазгыч мыкты журналисттерге тапшырылып турат. Алгачкы сыйлыкты тапшыруу салтанаты быйыл жыл аягында, 9-декабр - Эшимкановдун туулган күнүндө өткөрүлөт. 9-декабр "Айат" гезитинин да алгачкы чыккан күнү. Сыйлык ээлерине 50 миң сом, күбөлүк жана Эшимкановдун элеси түшүрүлгөн төш белги берилет. Мындан тышкары, жогорку окуу жайлардын журналистика факультеттеринде окуган алдыңкы студенттерге жылына беш стипендия ыйгарылат. Коомдук ишмер, белгилүү журналист, медиа-менеджер Мелис Эшимканов былтыр сентябрда каза болгон. (ShD/RK)

XS
SM
MD
LG