Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Жалал-Абад: Ит капкан эки адамда кутурма жок


Жалал-Абад шаардык санитардык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Үсөнкул Жоробаев 9-январда Сузак районундагы Жалгыз-Жаңгак айылында ит тиштеп, ооруканада дарыланып жаткан эки адамдын саламаттыгы жакшырып келатканын билдирди. Айылдын 75 жана 25 жаштагы тургундары жакын арада ооруканадан чыгуусу мүмкүн. Анткени аларга кутурма оорусун алдын алуу боюнча керектүү дары-дармек берилди. Алардан кутурма оорусу табылган жок. Облустук ветеринария башкармасынын башкы адиси Калмамат Эрмаматов 9-январда Сузак районунун Жалгыз-Жаңак айылынын эки тургунун жолбун ит тиштеп алганын, итти айыл тургундары өз алдынча кармап өлтүрүп, көмүп салышканын жана ветеринардык кызматтын адистери текшергенде ит кутурма менен ооругандыгы тастыкталганын айтты. Былтыр облуста 31 ит, кара мал, жылкы, эшек жана карышкырдан кутурма оорусу табылган (YA/RK)

XS
SM
MD
LG