Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Ош: Тергөө абагында ачкачылык уланууда


Камактагылар ачкачылык акциясын кечээ башташкан. Алар Бишкектеги №1 тергөө абагындагыларды колдоп чыгышкан. Бул тууралуу “Азаттыкка” Оштогу №5 тергөө абагынын башчысы Абдыкадыр Асанов билдирди. Айтымында, абактагы ден-соолугу начар кишилерден башка баардык камалгандар бул акцияга катышып жатат.

“Аларды туугандары менен жолугуштуруу жана тергөө амалдары кадимкидей эле жүрүп жатат. Ачкачылык жарыялоодон башка олуттуу дооматтары деле жок. Тополоң салып, ызы-чуу кылыша элек. Ачкачылыктан улам ден соолугу начарлап калгандар боло элек”,- дейт Асанов.

Аталган тергөө абагында 402 жаран кармалып турат. Абакка видеобайкоо орнотулган. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG