Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

Диний касташуу боюнча сот башталды


Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан козголгон кылмыш ишин кароону баштады. Бирок арызданган тараптын келбей калганына байланыштуу териштирүү болгон жок. Кийинки сот жыйыны качан болоору белгисиз.

Турусбек Сагынбаев аттуу жаран «Тай тебиш» улуттук спорт өнөрүн түптөгөн Кубанычбек Тезекбаевдин айткандары мусулмандардын аброюна шек келтирип жатат деп УКМКга жана Баш прокуратурага арызданган. УКМК Тезекбаев диний касташууну козутту деген негизде кылмыш ишин ачкан.

Бирок Тезекбаев мындай айыптоону негизсиз деп атады. Талдоочулар бул окуяны ислам динин тутунгандар менен улуттук салтты артык койгондордун тиреши катары сыпатташууда. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG