Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Бангладеште кутумдун бетин ачышты


Бангладеш армиясынын өкүлдөрү “офицерлер арасындагы диний фанаттар” уюштуруп жаткан кутумдун бети ачылганын ырасташууда. Генерал Масуд Раззактын айтымында, отставкадагы 2 офицер демократиялык жол менен шайланган өкмөттү төңкөрүүнү көздөгөн кутумга байланыштуу камакка алынды. 2009-жылы бийликке келген премьер-министр Шейх Хасинанын өкмөтү былтыр конституцияга секулярдуулукка ыктаган өзгөрүүлөрдү киргизген. Ислам өлкөнүн расмий дини бойдон кала бергени менен, бул кадам исламчыл активисттердин катуу нааразылыгына тушуккан. 1971-жылы Пакистандан бөлүнүп, көз карандысыздыкка жетишкен Бангладеште аскерий төңкөрүштөр буга чейин көп болуп келген.

XS
SM
MD
LG