Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Батыровдун сотуна күбөлөрдү күчтөп алып келишет


Бүгүн Жалал-Абад облустук соту июнь коогасы боюнча айыпталган, өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы Кадыржан Батыров баштаган алты адамдын ишин кароону улантат. Батыровдун сотуна кошумча күбө катары Жалал-Абаддын мурдагы губернатору Бектур Асанов менен анын орун басары Тайгожо Гиязов, парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси Асылбек Текебаев чакырылган. Соңку соттук териштирүүгө бул күбөлөр келбегендиктен ишти караган судья баардык тараптар жана күбөлөрдү мажбурлоо жолу менен сотко катыштыруу токтомун кабыл алган.

Буга чейин Жалал-Абад шаардык соту облустагы өзбек улуттук борбордун мурдагы президенти Батыровду 2010-жылдын май-июн окуяларына байланыштуу этностор аралык араздашууга, массалык башаламандыкка айыптуу деп таап, аны сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул өкүмгө макул болбогон тарап облустук сотко доо арыз менен кайрылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG