Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу тазаланды


Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 83-чакырымы (Көл-Көл чеги) кар көчкүдөн толук тазаланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Көлөмү 1400м³ кар көчкү кечээ түшүп, жол жабылган. Ошол эле күнү түштөн кийин жол толук тазаланды.

Райондук жарандык коргонуунун башчысы - акимдин буйругунун негизинде 14-явардан 25-январга чейин Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу саат 18:00дөн саат 08:00гө чейин жабык. (RK)

XS
SM
MD
LG