Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

Москва: Өрттө жабыркагандардын чыгымдары төлөнбөйт


Москвада өрт кырсыгында жабыркаган кыргызстандыктарга Орусия тараптан компенсация берилбейт. Орусия мыйзамдары боюнча мындай жардам ошол өлкөнүн жарандарына гана берилээрин элчи Улукбек Чыналиев менен жолугушууда Москва өкмөтүнүн өкүлү Сергей Черемин билдирди. Элчи окуянын себептерин, жагдайын эске алып бул маселени адилеттүү чечип берүүнү өтүндү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева кабарлады. 9-январда Москвадагы италиялык ресторанда өрт чыгып, ошол жерде иштеген Кыргызстандын беш жараны жана Орусиянын жарандыгын алган үч кыргызстандык жабыркаган. Алардын экөө кийин көз жумган. (RK)

XS
SM
MD
LG