Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

№1 абактагы "өзгөчө" камера өзгөртүлөт


Журналисттерге Бишкектин №1 тергөө абагына кирип чыгуу мүмкүнчүлүгү берилди. "Азаттыктын" кабарчысынын билдиришинче, аларга өзгөчө жасалгаланган камераны көрсөтүштү. Ичи кафел, гипскартон менен кооздолгон, жумшак эмерек киргизилген. Мыйзам боюнча, абактарда жумшак эмес, темир керебеттер турушу керек. Аталган абактын кызматкерлеринин айтымында, бул "өзгөчө" камеранын ачылганына жыйырма жылдай болуп калган. Анда кылмыш дүйнөсүнүн анабашы атыккандар кармалчу. Учурда ичин кадимки камерадай кылып өзгөртүү иштери жүрүп жатат. Соңку "еврожасалга" абактын мурдагы жетекчилигинин тушунда жасалганы айтылды. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG