Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Түрмөлөрдө ачкачылык токтой элек


Кыргызстандагы түрмөлөрдө ачкачылык токтой элек. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Бирок ачкачылык жарыялагандар чай жана үйүнөн келген тамактарды ичип эле жатышат. Болгону, түрмөнүн тамагынан баш тартышууда. Өлкөдөгү 17 абактын 13үндө ачкачылык 16-январда Бишкектеги №1 тергөө абагындагы тополоңдон кийин башталган. Алар №1 абакта жаткан айрымдардын камерасын жаппай, ачык коюну талап кылып жаткандары айтылууда.

Өлкөдө 32 абак бар. Алардын 15и жатак колония. Калган 17си кадимки түрмөлөр жана тергөө абактары. Ошолордун ичинен ачкачылык жарыялабагандары - Нарындагы тергөө абагы, Вознесеновка айылындагы өспүрүмдөр колониясы, Степное айылындагы аялдар түрмөсү жана ошол эле жердеги аялдардын тергөө абагы.

18-январда парламентке чакырылган Жаза аткаруу кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаков "ачпайбыз, бул мейманкана эмес, ачка калса кала беришсин, макул, азыр бир камераны ачып берели, эртең экинчисин, үчүнчүсүн ачкыла деп чыгышат", - деген болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG