Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Казакстан Бирдиктүү энергосистемада калды


Казакстан 20-январда Борбор Азиянын бирдиктүү энергосистемасынан чыккан жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Казакстандын электр түйүндөрдү башкарчу компаниясынын өкүлү Марат Мухамедсалиев билдирди:

- Энергосистеманын оператору бөлүнүүгө даяр болчу. Бирок Кыргыз тарап менен Астанада өткөн жолугушуунун жыйынтыгында, бизге өкмөттөн бул техникалык иш-чараны токтото туруу жөнүндө кат келди.

Мухамедсалиев 18-январда Өзбекстан Бирдиктүү энергосистемадан 7,5 миллион кВт саат электр кубатын уруксатсыз алгандан кийин, Казакстан орток системадан чыгууну оң тапканын кошумчалады. Бул окуядан соң Казакстандын түштүк аймагына электр кубаты жетпей калган.

Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстанды бириктирген энергосистемадан Казакстан мурда айтылгандай 20-январда чыкчу болсо, Кыргызстандын түндүк аймактарында электр кубатынын тартыштыгына алып бармак. Андан улам чектөөлөр жүргүзүлмөк. Бул тууралуу "Азаттыкка" “Чыгыш электр” мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл облусу боюнча тейлөө борборунун директору Рамил Мукамбетов билдирген эле.

XS
SM
MD
LG