Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

Стамбулда Грант Динкти эскерген демонстрация болду


Стамбулда беш жыл мурда киши колдуу болуп өлгөн теги армян журналист Грант Динкти эскерип, миңдеген адамдар демонстрацияга чыкты.

19-январда сот 2007-жылы журналистке болгон кол салууга байланыштуу кармалган бир айыпкерди күнөөлүү деп таап, эркинен ажыраткан. Бирок сот Динкти өлтүрдү деп шектелген террорчу топтун 19 мүчөсүн, анын ичинде алардын ана башын актаган.

Түркиянын президенти жана премьер-министри сот боюнча өз пикирлерин маркумдун жакындары апелляциялык сотко кайрылган соң билдирерин айтышты. Журналисттин тарапкерлери Динк 1915-жылкы осмон түрктөрүнүн армяндарга каршы “геноцидди” тууралуу жазганы үчүн өлтүрүлдү дешет.

XS
SM
MD
LG