Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:16

Иран окумуштуунун өлүмүнө МАГАТЭнин тиешеси бар дейт


Расмий Тегеран ядролук физика боюнча ирандык окумуштуу Мустафа Ахмади Рошанды өлтүрүүдө Бириккен Улуттар уюмунун атомдук агенттиги - МАГАТЭнин маалыматы пайдаланылган деп шектенет. Бул жөнүндө МАГАТЭден алынды деген маалыматка шилтеп, Ирандын БУУдагы элчисинин найыбы Ишаж Хабиб жар салды:

- Террорчу чөйрөлөр кара сантай аракеттерин жүзөгө ашырууда Улуттар Уюмунун агенттиктеринен алынган купуя маалыматтарды, ошондой эле Коопсуздук кеңешинин санкция тизмесин жана биздин илимпоздор менен МАГАТЭ өткөргөн интервьюларды пайдаланды деген шектенүү өтө күчтүү.

Мустафа Ахмади Равшан 11-январда Тегеранда унаасына жабыштырылган магниттик бомбадан өлгөн. БУУнун өкүлү Мартин Мезирски маалымат текшерилерин билдирди. Иран буга чейин Рошандын өлүмү үчүн АКШ менен Израилди күнөөлөп, эки өлкө тең бомба чабуулуна катышы жок экенин айткан.

Ирандын талаштуу ядролук программасына байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңеши Иранга төрт ирет санкция жарыялаган.

XS
SM
MD
LG