Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Казакстан: Карим Масимов ордунда калды


Казакстандын жаңы шайланган парламенти 20-январда алгачкы жыйынын өткөрдү. Жыйында парламент спикери болуп, башкаруучу “Нур Отан” партиясынын орун басар төрагасы Нурлан Нигматулин шайланды; биринчи жолу үч партиянын депутаттары ант беришти.

Президент Нурсултан Назарбаев жыйында сүйлөп, жаңы шайланган көп партиялуу парламент өткөөл мезгилдеги жаңы этап экенин айтты."Нур Отанга" парламенттеги 107 орундун 83ү таандык.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташуу уюму башындагы эл аралык байкоочулардын баасы боюнча, 15-январдагы шайлоо демократиялык шайлоонун принциптерин бузуу менен өткөн.

Депутаттар Карим Масимовду кайрадан премьер-министр кылып бекитти. Ал 2007-жылдан бери Казакстандын өкмөтүн жетектейт.

XS
SM
MD
LG