Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Гиязов: Батыров улут аралык бөлүнүүгө чакырган эмес


"Кадыржан Батыровдун улут аралык араздашууга чакырганын, өзбек автономиясын түзүү талабын койгонун уккан эмесмин", - деп билдирди бүгүн сотко күбө катары чакырылган Жалал-Абад губернаторунун мурдагы орун басары Тайгожо Гиязов. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Айтымында, Гиязов ошол кездеги облус губернатору Бектур Асанов жана Асылбек Текебаев ("Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иниси - ред.) элди ынтымакка жана биримдикке чакырып сүйлөшкөн деп да көрсөтмө берди.

Жалал-Абаддагы өзбек улуттук-маданий борбордун мурдагы жетекчиси Кадыржан Батыровду 2010-жылдын май айында эл алдына чыгып улут аралык араздашууну козуткан деген айып менен шаардык сот сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан.

Батыров өзүнө коюлган күнөөнү негизсиз деп, анын адвокаттары доо арыз менен облустук сотко кайрылышкан. 2010-жылдагы Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кыргыз жана өзбек улутундагы жарандардын кандуу кагылышынан кийин Батыров өлкөдөн чыгып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG