Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Балыкчыда мэр шайланбай калды


Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттары толук келбегендиктен кворум жок болуп, мэр шайлоо болбой калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Боршайкомдон кабарлашты. Мыйзам боюнча, мэрди шайлоого шаар депутаттарына эки жолу мүмкүнчүлүк берилет. Эгер экөөндө тең шайлай албаса, ал кеңеш президенттин жарлыгы менен таратылат. Бугай чейин 27-августта да кворум жок, шайлоо болбой калган.

Бүгүн облустук маанидеги 4 шаарда жана 16 айылда шайлоо өтмөк. Жергиликтүү кеңештер шаар мэрлерин жана айыл өкмөттөрүн шайламак.

Боршайкомдун маалыматы боюнча, 16 айылда айыл өкмөт башчылары шайланды. Кочкор-Атада Кубанычбек Эгембердиев, Чолпон-Атада Бактыгул Алиев, Кара-Балтада Данияр Шабданов мэр болушту. (RK)

XS
SM
MD
LG