Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Франция ооган аскерлерин машыктырганды токтотту


Франция ооган аскерлерин машыктыруу боюнча бардык программаларды жана ооган армиясы менен чогуу операция өткөрүүнү токтотту. Мындай билдирүүнү президент Николя Саркози жума күнү Ооганстандын чыгышында төрт француз жоокер атып өлтүрүлгөндөн кийин жасады. "Биз ооган элинин досубуз. Биз ооган элинин өнөктөшүбүз. Бирок мен ооган жоокерлердин француз жоокерлерге ок атканына чыдай албайм. Коопсуздук жагдайы калыбына келтирилмейин, француз армиясын эртелеп чыгарып кетүү маселеси күн тартибинде кала берет",-деди Саркози.

Каписа провинциясындагы коогалаңда дагы 15 француз жоокер жарадар болду. Бул окуяга байланыштуу президент Хамид Карзай француз элине көңүл айткан кат жолдоду. Акыркы айларда ооган аскерлери НАТОнун жоокерлерине ок аткан учурлар көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG