Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:27

HRW Араб лигасын ачык-айкындыкка чакырды

"Хьюман Райтс Уотч" эл аралык уюму Араб лигасын Сириядагы миссиясынын жыйынтыктоочу отчетун жарыялоого чакырды. Адам укугун коргоочу уюмдун Жакынкы Чыгыш бөлүмүнүн директору Сара Лиа Витсон айым Нью-Йоркто жасаган билдирүүдө, отчет Араб лигасынын байкоочулар миссиясын Сирия бийликтери “өз кызыкчылыгына пайдаланганын” ашкерелөө үчүн зарыл деп көрсөтүлөт.
"Отчетко ачык-айкын баа берүү - миссиянын Сирияда дагы калуу-калбоосун аныктоого мүмкүндүк берет",- деген Витсон айым Сирия өкмөтү кандуу булоонду токтотуусу үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешин Дамаскиге курал сатканга эмбарго киргизүүгө да үндөдү.
XS
SM
MD
LG