Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Кубалык диссидент саясий акция маалында жан берди


Кубалык саясий диссидент, 31 жаштагы Вилман Виллар Мендоза 19-январда көз жумганын адам укугун коргоочулар жума күнү билдиришти. Медоза "адилетсиз соттолдум" деп, 50 күн мурда ачкалык жарыялаган болчу. Ал бийликке баш ийбегени үчүн былтыр ноябрда төрт жылга кесилген жана өлкө чыгышындагы Сантьяго-де-Куба шаарындагы абакта жаткан.

Куба өкмөтү диссиденттин өлүмүнө байланыштуу эч кандай билдирүү жасай элек. 2010-жылы февралда 85 күндүк ачкачылык акциясынан кийин саясий диссидент Орландо Запата жан бергенде Куба өкмөтүн эл аралык коомчулук катуу сынга алган.

XS
SM
MD
LG