Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Салман Рушди Индиядагы фестивалга барганга даабады


Британ жазуучусу Салман Рушди Индиядагы адабий фестивалга катышпайт. Жайпурда 20-январда башталган беш күндүк адабий майрамга жазуучуну катыштырбоону талап кылып, эскичил мусулман диниятчылар Индия өкмөтүнө кат жазышкан эле.

65 жаштагы Рушди буга чейин Жайпурдагы фестивалга барганда, эч ким чырлаган эмес. Индияда төрөлгөн Салман Рушдинин 1988-жылы “Шайтандын аяттары” деген китеби чыкканда Ирандын лидери Аятолла Хомейни жазуучуну өлтүрүүгө чакырык салган. Андан улам Рушди бир нече жыл жашырынып жүргөнгө аргасыз болгон. Ар жылы өтчү Жайпур адабий фестивалына миңдеген индустар жана чет өлкөлүк коноктор келет.

XS
SM
MD
LG