Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Соттук реформа мыйзамы боюнча макулдашуу тобу түзүлдү


Жогорку Кенеш президент кайтарып берген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгат. Бул максатта 21-январдагы парламенттин сессиясында курамына депутаттар Өмүрбек Текебаев, Данияр Тербишалиев, Садыр Жапаров, Тынычбек Шайназаров, Анарбек Калматов, президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев жана президенттик аппараттын бөлүм башчысы Индира Жолдубаева кирген макулдашуу тобу түзүлдү.

Макулдашуу тобу кайтарылган мыйзамдын негизинде “Жогорку Соттун Конституциялык палатасы жөнүндө”, “КР судьяларынын статусу жөнүндө”, “КР судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөр киргизмекчи. Сот реформасын баштоого негиз бере турган бул мыйзамдардагы айрым беренелер депутаттар, жарандык коом жана президент ортосунда олуттуу талаш-тартыштарды жаратып келатат. (EzK)

XS
SM
MD
LG