Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Аба ырайы: Шашылыш эскертүү


21-22-январда жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, жолдордо кар көчкүсү, кар күрткүсү күтүлөт жана муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунушталат.

22-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -23, -28, күндүзү -8, -13, Талас облусунда түнкүсүн -27, -32; күндүзү -13, -18, Баткен облусунда түнкүсүн -13, -18, күндүзү -3, +2, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -11, -16, күндүзү -2, +3, Ысык-Көлдө түнкүсүн -11, -16, күндүзү -3, -8, Нарында түнкүсүн -30, -35, күндүз -16, -21 градус суук болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -24, -26, күндүзү -10, -12 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG