Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

Сириядагы жардырууда 11 адам мүрт кетти


Сириядагы адам укугунун абалына көз салган уюмдан билдиришкендей, бүгүн өлкөнүн түндүк-батышындагы Идлиб шаарында камалгандарды алып бараткан микроавтобус жолго коюлган минадан жарылып, кеминде 11 адам набыт болду. Азырынча бул кабарды көз карандысыз булактар ырастай элек. Жардыруу тууралуу башка толугураак маалымат да жок.

Ал арада Сириянын Түркия менен чектеш жеринде өкмөттүк аскерлер менен оппозиция тарапка ооп кеткен мурдагы аскерлердин ортосунда оор атышуулар болду. “Ал-Жазира” телеканалы кабарлаганына караганда, атышуулар Жиср ал-Шугур шаарында болду.

XS
SM
MD
LG